www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы атайын рейддин алкагында унааларына мыйзамсыз кошумча бак орнотуп алган 37 айдоочуну аныктады.
Башкармалыктын маалыматына караганда, кармалган айдоочулар Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май ташып келип, аны жол жээктеринде мыйзамсыз сатып жүрүшкөн.
Мыйзам бузгандардын басымдуу бөлүгү — ири көлөмдөгү күйүүчү май баткан жол тандабас унаалары.
"Бардык унаалар айып короо жайына киргизилип, айдоочуларга 5 500 сомдон айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.