www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кувейттин хоккей боюнча курамасы коронавирустан улам Бишкектеги IV дивизиондогу Дүйнө чемпионатына келбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Хоккей федерациясынан билдирди.

Белгилей кетсек, мелдеш 3-5-мартта болуп өтөт.

«Бүгүн Кувейттин шейхинин чечими менен өлкөдө коронавирустун чыгышына жана карантин киргизилгендигине байланыштуу Кувейттин курамасы дүйнө чемпионатына катышпайт. Аларга бардык оюндарда техникалык жеңилүү – 5-0 эсеби жазылат», — деп билдиришти федерациядан.

Оюндардын алдын ала жадыбалы:

3-март

19:30 – мелдештин ачылышы;
20:00 – Кыргызстан-Филиппин;

4-март

20:00 – Филиппин-Малайзия;

5-март

18.00 – Кыргызстан-Малайзия;
20.00 – мелдештин жабылышы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости