www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эми мындан ары мамлекеттик кызматка келбей турганын маалым болду. Натыйжада мындай кабар анын айланасындагы жогорку кызматты аркалаган айрым жакын санаалаштарын, тарапташтарын кабатырланып, бушайманга салды.
Айтып оозду жыйганча, үч министр иштен алынды. Кезек Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабековго дагы жетип, кызматынан бошогону айтылууда.
Бул эргул “бөрк ал десе баш алгандардын” бири катары таанылган. Эми мунун абалы кыйын болчудай болуп турат. Анткени, ыйгарым укуктарынан аша чаап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делген айрымдардын жоопкерчилигин кароо тууралуу талаптар коюлуп, Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат.
Коомчулукта Жумабеков тарабынан бир топ ишкерлер, жарандар жабыр тартышканы, андыктан кызматтык ишмердүүлүгүн кылдат текшерип чыгуу зарылдыгы социалдык тармактарда жазылып, айтылып келген.