www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коломчулукта чоң талкууларды жаратып жаткан айрым жагдайлар боюнча Кеңешбек Дүйшөбаев менен баарлаштык.

-Кеңешбек мырза, Илмияновдун жатак абакка которулганы, жазасы жумшартылганы коомчулукта талкуу жаратты. Илмиянов кимдир бирөөлөрдүн тилин тапканбы же чын эле оңой жаза менен кутулуунун жолун таптыбы? 

- Атамбаевдин учурунда Илмиянов мамлекетти көмүскөдөн да, ачык да башкарган, эң таасирдүү адамдардын бири болгону эч кимге жашыруун сыр эмес. Ал саясий, коомдук, экономикалык көп иштерге, проектилерге киришип, өзүнүн да, атасынын да (Атамбаевдин) кызыкчылыгын көздөп, маселелерди каалагандай чечкенин коомчулук эчен жолу талкуулап, элдин нааразычылыгын туудурган. Атамбаевдин бүгүнкү кебетесин кийгенине зор салым кошкон адамдардын бири экенине коомчулукта эч кандай күмөн жок. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин командасынын ар бирине ондогон кылмыш иштери бар, жана алар жоопко тартылып, соттолуп, оор жазаларга тартылып жатышат. Ошолордун арасында мурун эң таасирдүү болгон Илмиянов бир эле кылмыш иши менен соттолуп, жеңил кутулуп жатканы эл арасында ар кандай кудук сөздөрдү, шектерди жаратып жатканын баары эле көрүп турат. Илмиянов азыркы бийликтеги кээ бир таасирдүү адамдар менен тил табышып, соодалашып, өзүнүн мурунку кожоюнун толук сатып, керт башынын кызыкчылыгын баарынан өйдө коюп кетти деген сөздөр толтура. Менин оюмча, канчалык элдин көзүн будамайлабасын, баары бир ар бир иши үчүн жооп бере турган мезгил келет. Албетте, соттолду, кылмыштары үчүн жоопко тартылды деп, башка иштери жабылуу бойдон калышы, ошол жагдайды пайдаланып, башка өлкөгө кетип калышы толук мүмкүн.

-Өкмөттүн чамасы чакталуу экени баарыбызга маалым. Эгер пенсия, пособие бере албай турган абалга кептелип калса эмне болот?

-Бюджеттин тартыштыгынан пенсия, пособиелердин берилбей калышы мүмкүн экенин мурунку Өкмөт башчы май айында эле айтпады беле. Азыркы Өкмөт келген финансылык жардамдын негизинде бул маселелерди чечип жатканын ачык эле айтып жатпайбы. Башка арга жок го. Эгерде пенсия, пособие берилбей калса, бул саясий-коомдук абалды тунгуюкка кептей турган маселе экени баарына түшүнүктүү.

-Өкмөттүн бир ай ичинде Ош, Бишкекке оорукана салуу аракетин көрө баштаганы илдетти жеңүүнүн айласыбы?

- Ооруканаларды куруу эң маанилүү экенин кеч түшүнгөнүбүз абдан өкүнүчтүү. Бул дагы бир жолу бизде кризистен өтүүдө, көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөттүн, профилдик министрликтердин, алардын жетекчилеринин аналитикалык, илимий изилдөөлөр, прогноз кылып, перспективалык иш чараларды, пландарды даярдоо, ишке ашыруусу төмөнкү деңгээлде экенин көрсөттү.            

-Коопсуз шаар долбоорунан түшкөн каражатка тез жардам унааларын сатып алабыз дегени колдоого аларлык эле ишпи?

- Көйгөйлөрдүн баарын салмактап, таразалап, бүгүнкү күндүн эле маселесин чечпей, эртең эмне болот, дагы кандай оор шарттар чыгат, ага кандай даярдык көрүү керек деген таризде болгон финансылык каражаттарды колдонуп, бөлүштүрүү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости