www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы «Энергия Будущего» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүздү.
Аталган компания Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Сары-Күнгөй коктусунда чакан ГЭС куруп жаткандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары, анын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык ченемдердин сакталбагандыгы аныкталган. Бул жагдай курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы:
*Экологиялык талаптардын бузулушу катталды;
*Жаратылыш чөйрөсүнө терс таасир этүү фактысы тастыкталды.
Көрүлгөн чаралар:
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн так мөөнөттөрү белгиленген эскертүү берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 16 миллион 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо арыз коюлду. Тиешелүү материалдар белгиленген тартипте кароо үчүн жөнөтүлдү.
Мындай долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык талаптардын сакталышы Министрликтин туруктуу көзөмөлүндө турат.