www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук банкы юридикалык жактардын өз банк эсептеринен накталай акча алуусуна чектөө киргизет. Мекеменин сайтына жарыяланган тиешелүү токтом быйыл 1-июнда күчүнө кирет.

Ага ылайык, кичи бизнесте иш алып барган компанияларга бир айдын ичинде 20 миллион теңге (46 миң долларга жакын), орто бизнестеги компанияларга 120 миллион теңге (270 миң доллар) жана чоң бизнестеги компанияларга 150 миллион теңге (347 миң доллар) накталай акча алууга уруксат берилет.

Бул суммалардан көп акча алууну каалаган компаниялар банкка арыз жазып, банк Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети менен макулдашуусу керек болот.

Токтомго ылайык, бул чектөөлөр ишкерликтин төмөнкү категориялары үчүн тиешелүү болбойт:

  • жеке жактарга;
  • жеке ишкерлерге;
  • кичи ишканаларга;
  • айыл чарба жана балык азыктарын сатып алган юридикалык жактарга;
  • азык-түлүк, суусундук, фармацевтик, медициналык жана ортопедиялык товарларды чекене сатуу менен алектенген юридикалык жактарга. 

Булак: "centralasian.org"

Последние новости