www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбеде пневмониядан улам каза болду делген шаардык прокуратуранын кызматкери Жалолиддин Пировдун (Абдужабборзода) үй-бүлөсү карантинге алынды. Бул тууралуу маркумдун коңшулары билдиришти.

Алардын айтымында, ушу тапта Пировдун шаардагы ооруканалардын биринде жаткан аялынын саламаттыгы «канааттандыраарлык». Маркумдун жакында эле чет өлкөдөн келген бир тууганынын абалы оор. Азырынча өлкөнүн расмий органдары бул маалыматты ырастай элек.

Шаардык прокуратуранын кызматкери 19-апрель күнү эртең менен ооруканада каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги анын анализи таза чыкканын, ал коронавирустан эмес, пневмониядан өлгөнүн билдирген. Бирок Пировдун сөөгүнүн жогорку сактык чаралары менен жерге берилиши калк арасында «өлкөдө коронавирус инфекциясы болушу мүмкүн» деген кооптонууларды жараткан.

20-апрелде маркумдун үйүнө жакын жайгашкан эки мектеп карантинге жабылып, район жетекчилиги тургундарды зарыл болбосо сыртка чыкпоого чакыргандыгы тууралуу маалымат тараган. Шейшемби күнү Тажикстандын Билим берүү министрлигинин өкүлү бул маалыматты четке кагып, өлкөдө бир дагы мектеп карантинге жабылбаганын билдирди.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости