www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстанга, дегеле ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө экспорттоо үчүн ташылчу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактураны алышы керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактура автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн, маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Эгер ал жок болсо багыттоо пунктунда тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

"Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Иш-чарага кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.

Буга кошо эки тарап ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүдөгү эреже бузууларды азайтууга багытталган кызматташууну күчөтүүнү макулдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости