www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пенсионер каза болуп калган учурда сөөк коюу үчүн жөлөк пул кимге берилет, деп сурады депутат Камила Талиева («Ата Журт—Кыргызстан») бүгүн, 11- апрелде Жогорку Кеңештин «Ата Журт—Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында. Ал Кадамжай районунун тургунунан кайрылуу түшкөнүн айтты. «Баласы кайрылды. Белгилүү эле бир инсан каза болгондон кийин бир канча жыл бою анын пенсиясын почта кызматкери алып жүрүптүр.

Аны да баласы бир документ алайын деп барса, атасынын пенсиялары чыгып калган. Каза болгонуна мынча жыл болду деп далилдеп, соттошсо, эми ошол почтанын кызматкери кайра кызматка барып отуруп калыптыр. Бул эмне деген нонсенс?», - деди ал. Ал соцфонддун төрагасына ведомствонун аймактык жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керектигин айтты. 

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев сөөк коюу боюнча жөлөк пулду маркумдун жакын туугандары: жубайы же жолдошу, ал болбосо ата-энеси же бир туугандары аларын айтты.

Булак: "barakelde.org"

Последние новости