www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон расмий сапарынын алкагында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.
Аземден кийин министрлер кабинетинин башчысы Минск шаарынын Октябрь районунун педагогикалык эмгек ардагерлер кеңешинин төрайымы Любовь Хвойницкая менен баарлашты. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого олуттуу салым кошуп келет.
Жумаш Асаналиевдин эстелиги 2005-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен орнотулган. Жумаш Асаналиев (1923-жылдын 10-майы — 1944-жылдын 25-июну) — 1-Прибалтика фронтунун 6-гвардиялык армиясынын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык аткычтар полкунун пулемётчусу. 1944-жылы 25-июнда Витебск облусунда баатырдык көрсөткөн. Минск шаарында анын ысымы көчөгө жана орто мектепке ыйгарылган.