www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунда жер мафиясына шектелип мурдагы депутат кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунун 1984-жылы туулган С.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Анда 2021-жылдын жаз мезгилинде Савай айыл аймагынын 1991-жылы туулган О.М. аттуу тургун эки жер участогу үчүн 170 000 (жүз жетимиш миң) сом алып, тийиштүү документтерди бүтүрүп беремин деп алдап келгендигин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган О.М. аттуу жаран ( жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты) шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.