www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Акорда билдирди.
Мамлекет башчылары көп кырдуу казак-орус мамилелеринин азыркы абалын жана андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Президенттер жогорку деңгээлде жетишилген келишимдердин ырааттуу ишке ашырылышын канааттануу менен белгилешти.
Алар маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди оң баалап, биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин андан ары илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Касым-Жомарт Токаев Россиянын Президентин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырганын кайталады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.