www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдардан уялган, ыймандуу депутатыбыздын өнөрү күндөн - күнгө өркүндөп жатат дейт. Адамдарга жетпей, нары тарт, бери тарт болуп жаткан казынаны эми айбандарга бөлө тартсак, деги эмнеси калат?
Коррупциянын эсебинен тик учак сатып алып, Ат-Башыдагы көбөйүп жаткан карышкырларды кубалап атпайлыбы деди депутат Камчыбек Жолдошбаев бүгүнкү 24-январда парламенттеги жыйында.
"Нарындагы Ат-Башы районундагы акимдер, губернаторлор жана айыл өкмөттөр чарчап-чаалыгып калганбы, көбөйүп жаткан карышкырларга алдары жетпей калышыптыр. Коррупциядан чогулган акчага тик учак сатып алып, карышкырларды кубалап атпайлыбы? Кандай дейсиздер? Алар биздин туугандар эмес да"-деди Жолдошбаев.
Ошондой эле депутат карышкырлар күнүнө бештен жылкы жеп жаткандыгын айта кетти.
Булак: NazarNews.kg