www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик кайсыл кемчилиги үчүн кадр маселесинде көп жаңылыштыктарды кетирип жатканын билесиңерби? Билбесеңер айта кетели. Алыска барбай эле былтыркы окуяга саресеп салалы. Маселен, Сапар Исаковдун жердиги Кочкор беле? Анын ордуна ким келди, Мукан деген мырза келдиби? Абылгазиев дагы ушул жердин кулуну экени жалганбы? Азыр иштеп жаткан кези жигердүүлүк менен туурабы?

Премьер министрдин кетерине аз убакыт калды деген коңгуроо кагылып жатат. Ал кызматтан шыпырылса сөзсүз түндүктүк кадр коюлушу керек. Анткени президент түштүктөн деген көз караш бар. Бекер жерден Темир Сариев менен Туйгуналы Абдраимовду кээ бир колдоочулары жамыратып чиймелеп жатпаса керек да? Мына ушунун өзүндө чоң кемчилик жатканына негедир көздү жумуп койдук.

Алтын тамгалар менен жазылган кадрларды жердигине карабай анын кеменгерлигине, мекенчилдигине, жолборстукундай баатыр жүрөгүнө карап иш кылсак алдыга карай кетмекпиз. Бийлик болсо мажирөөлөнүп, терең ойлонбой, кетмендин сабына чекесин томуйтуу менен алек. Ошондуктан мыкты болсо бир райондун эмес, бир айылдын азаматтарын чоң кызматтарга коркпой алып келүү кажет. Ошондо гана кыргыз өлкөсүөнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн журт башчы адилеттүү, чечкиндүү болушу мезгилдин өктөм талабы.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости