www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Караколдогу облустук оорукананын жаш дарыгерлерин турак жай менен камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, минкаб башчысы облуска болгон сапары учурунда Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, жабдуулар, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле оорукананын 350 орунга ылайыкталган жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн текшерди.

Адылбек Касымалиев ооруканада иштеген жаш дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында батирлерди бөлүп берүүнү, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Последние новости