www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда белгилүү эле саясатчылар, кээ бир бийлик өкүлдөрү өздөрү жараткан “жасалма коомдук пикирге” өзүлөрү алданып жүргөнүн көрүүгө болот. Акыркы жылдары биздин өлкөдө бир топ акчалуу саясатчылар, бийлик кумарына азгырылган жеке адамдар өз каражатынан эмгек акы төлөп, социалдык тармактарда троллдордон, фейк аккаунттардан жана жалданма комментаторлордон турган топторду колдонуп, жасалма колдоо түзүп, саясий салмагын арттырууга аракет кылып келет. Бирок бул ыкма көп учурда тескери натыйжа берип, троллдор менен фейктердин кожоюндары өзүнүн пропагандасына өзү ишенип калган кооптуу жагдайдын курмандыгы болгонуна жалпы коомчулук күбө болууда.

Бул көрүнүш – заманбап саясаттагы эң коркунучтуу иллюзиялардын бири. “Жасалма колдоо” кандайча түзүлөт? Фейк топтор адатта төмөнкү схема менен иштейт: ондогон, жүздөгөн же миңдеген аккаунттар буюртма менен ачылат. Алардын социалдык баракчаларынан ар кандай стилдик айырмачылык менен бирдей маанидеги сабатсыз аял ушактын деңгээлинде тексттер таратылат. Каржылоочуларды коргогон, куру сөз менен мактаган комментарийлер жазылат. Кожоюнду басмырлаган, алар жөнүндө сын жазган авторлорду келекелеген посттор жайылтылат. Каршылаш пикирлерге жапырт (кээде уят сөздөр менен) чабуул жасалат. Акыйкат маалыматтан алыстайт.

Социалдык тармактарда троллдордон, фейк аккаунттардан атайын жалданма топ түзүп, кожоюндан каражат алып, каржылап турган фигуранын негизги максаты: “эл сизди колдоп жатат” деген жасалма, жалганчы пикир түзүп, өз турмушун жакшыртуу менен алектенет. Башында бул ыкма кээ бир саясатчыларга ыңгайлуу көрүнөт. Бийлик кумарынан чыга албаган кээ бир саясатчылардын өзүлөрү түзүп, каржылаган фейктердин жалган пикирине ишенип калуусу өтө жаман, осол көрүнүш. Эң кооптуу этап – кожоюн өзү жараткан “виртуалдык чындыкка” ишенип алганда башталат. Фейктер берген маалымат – бул жалгандан көбүртүп-жабыртылган – маалыматтык көбүк. Бүгүн бул кожоюнга иштеп жан баккан троллдордун, фейк аккаунттардын өкүлдөрүндө принципиалдуу көз караш, мекенчилдик маанайда алдыга койгон максат жок. Аларга эртең башка кожоюн көбүрөөк акча төлөсө, аларга иштеп кете берет.

Жасалма, жалган мактоолордун кесепетинен жогорку бийлик эшалонундагы кээ бир мамлекеттик чиновниктерге да акыйкат айтылган сын жетпей калган учурлар болот. “Сиз Айсыз! Сиз Күнсүз! Сиз кеменгерсиз! Сиз көсөмсүз! Сизден башка акылдуу жан жок! Ит үрө берет!..” – деген жан эргиткен жалган мактоолор маалымат мейкиндигин ээлеп алат. Реалдуу көйгөйлөр жашырылат. Ошентип кожоюн элдин чыныгы маанайын көрбөй калат. Жасалма оптимизм жараткан фейктер дайыма: “баары жакшы,” “эл ыраазы,” “реформалар ийгиликтүү жүрүп жатат,” – деп маалымат бергендиктен, көпчүлүк төбөлдөр, “биз туура жолдо баратабыз” – деп ишенип, реалдуу кризисти көз жаздымда калтырып коёт. Мындай шартта стратегиялык каталар орун алып, коррупциялык элементтер кеч байкалып, экономикалык өсүүгө кедергисин тийгизип, элдин саясатчыларга болгон ишеничин солгундатат. Социалдык нааразылык бааланбай калып, төбөлдөргө болгон элдин таарынычы күтүүсүз өсүп чыгат. Андай абалды бүгүнкү коомдук турмуштун мисалында көрүп жатабыз.

Жалданма фейк топтор эч качан коомдук пикир түзө албайт. Тескерисинче караламан элдин кыжырдануусун күчөтөт. Эл жасалмалуулукту абдан тез байкайт. Азыр саясатташкан карапайым эл стилистикалык жактан ар башка, бирок мааниси жагынан коёндой окшош сабатсыз тексттерди, жасалма профилдерди, шаблон комментарийлерди оңой эле таанып алат. Ошентип эл ичинде “саясатчылар бизди алдап жатат…” деген терс пикир күчөйт. Фейктер активдешкен сайын каршы эффект жаратып, коомчулук арасында саясатчыларга болгон жек көрүү күчөп, ишеним азаят. Эл арасында нааразылык топтолот. Тагырак айтканда, фейктер жүргүзгөн үгүт иштери тескери эффект бере баштайт. Коомдук диалогдун жоктугунан фейктер реалдуу талкууну жүргүзө албайт. Жыйынтыгында көйгөйлөр саясатчыларга түз жетпей калат. Карапайым эл менен саясатчылардын ортосунда бөлүп турган муздак дубал пайда болот.

КЕСИПКӨЙ ЖУРНАЛИСТТЕР КООМГО ПАЙДАЛУУ

Фейктердин ордуна маалымат жайылтууда профессионал журналисттер мыйзам алкагында сөз эркиндигине таянуу менен иш алып барса, коомдук абалды чагылдырган реалдуу күзгү сыяктуу ачык-айрым эффект пайда болот. Кесипкөй эркин журналисттерден турган ЖМК мамлекеттеги көйгөйдү бейтарап чагылдырып берет. Саясатчылар тарабынан кетирилип жаткан катачылыкты айкын көрсөтөт. Ачуу бирок, акыйкат сын айтат. Бул саясатчылар үчүн жагымсыз, бирок пайдалуу күзгү. Кесипкөй журналистика – алдын ала коңгуроо кагуу (сигнал) системасы катары иштейт. Ал социалдык чыңалууну, коррупцияны, аймактык кризистерди өз убагында кечиктирбей көрсөтөт. Бийликтин системалуу түрдө эффективдүү иштөөсүнө жол ачат. Бийликке көйгөйлөрдүн алдын алып чара көрүүсүнө шарт түзөт. Кесипкөй журналисттерден турган эркин медиа бар өлкөдө мамлекеттик жетекчилер тарабынан кабыл алынган акыйкат чечимдерге ишеним жогорулайт. Карапайым эл, “бийлик үнүбүздү угат” деп ишенет. Радикализм азаят. Бул туруктуулукка негиз болот. Эркин медиа туруктуу иштеген өлкө тышкы инвесторлорго ишенимдүү көрүнөт. Эл аралык колдоого ээ болуп, санкциялык коркунучтар азаят.

Кыргызстан сыяктуу ачык коомдо фейк стратегиясы өзгөчө кооптуу. Анткени карапайым эл саясий аренада абдан активдүү позицияны ээлеп турат. Социалдык тармактарда да таасирдүү орунду ээлеген. Кечеги эле 5-10 жылдык өлкө тарыхында бийликке олуттуу протесттер болуп өткөнү маалым. Бул шартта фейк маалымат менен жасалма колдоо бийлик өкүлдөрүнө каршы “кыйыр куралга” айланып келгенин тарых бир нече ирет далилдеди. Акчалуу саясатчылар менен кээ бир бийлик өкүлдөрү атайын жалдап түзгөн фейк топтор эч качан караламан элди толук ишендире ала турган акыйкат коомдук пикир түзө албайт. Тескерисинче, элдин кыжырын келтирет. Бүгүнкү саясий практика көрсөтүп жаткандай фейктерди түзүп каржылап келген адам же уюм өзү алданып ара жолдо калат. Реалдуу көйгөйлөр жашырылып, соңунда тескери эффект берет. Анын кесепетинен күтүүсүз кризис келип чыгат.

Ал эми көз карандысыз кесипкөй журналисттерден турган ЖМК – бийликтин ишенимдүү өнөктөшү боло алат. Ал бийлик тарабынан кетирилген каталарды кечиктирбей оңдоого жардам берип, эл арасында туруктуулукту бекемдейт. Саясаттагы эң жөнөкөй адам да түшүнө ала турган чындык – бул фейктер тараткан сабатсыз маалымат. Ал саясатчылардын жүрөгүнө убактылуу тынчтык берип, соңунда дипломатиялык жол менен чечүүгө болбой турган, олуттуу көйгөй жаратуучу кооптуу “жалган жагдай” экенин унутпашыбыз керек! Жагымсыз болгону менен көз карандысыз кесипкөй журналисттер аргументтүү фактылар менен бейтарап берген маалымат узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылат. Ошондуктан байманасы арткан акчалуу саясатчылар, бийлик кумарына азгырылган жеке адамдар өз каражатынан эмгек акы төлөп социалдык тармактарда троллдордон, фейк аккаунттардан жана жалданма комментаторлордон турган топтор менен иш алып баруудан баш тартканы абзел. Антпесе, анын соңу өзүн-өзү алдоо экенин турмуш чындыгы эртели-кеч далилдеп коёт.

Автор: Бахпурбек Аленов

Последние новости