www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарындагы 30 жылдан ашуун иштебей турган кинотеатр ишке кирет. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрү фондунан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, караколдук ишкер тарабынан ижарага алынганы менен “Ысык-Көл” кинотеатры кароосуз калып, көп жылдар бою иштебей турган.

«2021-жылы ишкер имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүп, кайра иштетүүгө долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Фонддун Байкоочу кенеши долбоорду колдоого алып, 18 миллион сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары ишкердин өздүк салымы бар. Аталган каражатка кинотеатр толугу менен реконструкцияланды. Тактап айтканда, чатыры алмаштырылды, ички жана сырткы жасалгалары ондолду, электр линиялары жана сантехникалык түтүкчөлөрү толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле, тасма көрсөтүү үчүн тийиштүү жабдыктар сатылып алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 90 пайызы аяктап калды. «Ысык-Көл» кинотеатры облустагы ири кинотеатрлардын бири. Кинотеартдын ишке кириши менен 100 жакын жумуш орду түзүлмөкчү. Кинотеатрда 6 тасма залы бар. Бир учурда 400 жакын көрүүчүнү кабыл ала алат. Ошондой эле, балдар үчүн оюн-зоок аянтчасы жана дүкөндөр болмокчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости