www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келген коноктордун жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу менен жол кырсыгын алдын алуу максатында “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын № 11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.
Эске салсак, “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген. 
Баса белгилеп кетчү жагдай, министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл буруп келет.

 

Последние новости