www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык, Кара-Суу районунда жайгашкан, жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет мыйзамсыз өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктөрдү жана жер тилкелерин аныктоо жана жеке менчикке кайтаруу боюнча иш-аракеттеринин алкагында Ош облусунун Кайра-Суу районунда жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон жер тилкесин кайтарып алды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды. Кеп болуп жаткан жер "Айыл чарба жерлери" катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган, бул "Кыргызгипрозем" мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары менен тастыкталган.
Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкеси мамлекетке акысыз кайтарылды.