www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен жана Кара-Суу округдарында шайлоо өткөрүүгө 23 миллион 934 миң сом жумшалат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК кечээ Жогорку Кеңешке жаңы депутаттарды шайлоого кеткен чыгымдын сметасын бекитти. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Аталган эки округда 223,5 миң шайлоочу бар. Добуш берүү күнү 28-апрелге белгиленген

Буга чейин аталган бир мандаттуу округдардан парламентке шайланган депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев БШКга өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотууга арыз жазып, мандатынан ажыратылган

Искендер Матраимов — издөө жарыяланган бажычы Райым Матраимовдун бир тууган агасы. №9 Кара-Суу шайлоо округунан депутат болуп келген.

Нурлан Ражабалиев — мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Райым-миллиондун коррупция боюнча ишинде ал да айыпталып, мамлекетке 12 миллион сом төккөн. Бир мандаттуу №2 Баткен округунан шайланган.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости