www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда порнографиялык видео материалдарды таратуу боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-апрелде Instagram социалдык тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда Кара-Балта шаарындагы мектепте мугалим болуп иштеген адамдын видеосу табылган.

Аталган окуя боюнча тергөө иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө видеодо шаардын эки тургуну: 2005-жылы туулган К.Н. жана 2004-жылы туулган Г.М. тартылганы аныкталган. Алар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Кырдаалды толук жана объективдүү изилдөө үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы боюнча, аталган жарандардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.

Последние новости