www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык балбан Жакшылык Байташов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчу 79 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде индиялык Сандип Сингх Маннуга 0:7 эсебинде жеңилген. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.
Анда иорданиялык Эрзо Исаковду 6:2 эсебинде жеңип, коло байге үчүн мелдешке чыкты.
Беттеште тажикстандык Самонждон Икромовду 6:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орунга ээ болду.