www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-апрелде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттеринин техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча пландуу текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө бир катар объектилер текшерилип, эскертүүлөр берилди.
Алар:
* Кулатов көчөсү 7А — соода борбору;
* Салиев көчөсү 204 — 12 кабаттуу турак үй;
* Сүюмбаев көчөсү 172 — 9 кабаттуу турак үй;
* Сүюмбаев көчөсү 155 — 5 кабаттуу административдик борбор;
* Жибек-Жолу проспектиси 220/1 — медициналык борбор;
* Береговой тар көчөсү 4, 6, 8, 8А — 9 кабаттуу турак үй курулуш объекттеринде курулуш ченемдерин жана техникалык коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн компанияларга эскертүүлөр берилип,
техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын так сактоо милдеттендирилди.
Бишкек шаардык башкармалыгы бардык курулуш компанияларын техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын так сактоого чакырат. Бул талаптарды сактоо жарандардын өмүрү жана ден соолугун коргоонун негизги кепилдиги болуп саналат.