www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин тапшырмасы менен Талас шаарында кошумча ипотекалык көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна расмий түрдө старт берилди. Бул тууралуу КР Президентинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Бүгүн биз Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык Талас шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушуна старт бердик. Так бир ай мурун мамлекет башчысы Талас жана Нарын облустарында жеткиликтүү батирлер өтө аз экенин баса белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырган. Бүгүн ошол сөздүн иш жүзүндө аткарылып жаткандыгына күбө болуп турабыз.
Талас шаарында тарыхта биринчи жолу 9 кабаттуу турак үйлөр курулууда. Бул үйлөргө лифттер орнотулат, батирлердин саны 405 болот. Бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү жана үч бөлмөлүү батирлерден тышкары, унаа токтотуучу жайлар да каралган. Бул долбоор таластыктар үчүн жаңы деңгээлдеги жашоо шартын түзөт.
Ошондой эле биз Алымкулов көчөсүндө салынып жаткан 319 батирден турган турак үйлөрдүн абалы менен да тааныштык. Курулуш иштеринин темпи жакшы, аларды 2026-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.
Биздин негизги максат ар бир жараныбызды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу. Бул иштердин баары элибиздин турмушун жеңилдетип, үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосуна жол ачуу үчүн жасалып жатат, - дейт Каныбек Туманбаев.