www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу NazarNews.kg кыскача сүртүмдөрдөн берип турабыз. Бул жолку каарманыбыз – Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев болмокчу. 

Учурда Нурдан Орунтаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин башында турат. Ага чейин Бишкек мэриясында вице-мэр, андан кийин Мамкурулуштун жетекчиси катары иштеген. Ал келгени курулуш тармагы агенттиктен министрликке айланды.

Ырас, Нурдан Орунтаевге карата сын-пикирлер жок эмес. Орой, кырс, этиканы билбейт дешет. Ошондой эле, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүдө тандалма мамиле токтобой жатат деген нааразычылык күч. Андыктан реформа жүргүзөм десе, курулуш тармагындагы “көрүнбөгөн” коррупциялык байланыштарга каршы туруп, чыныгы тазаланууну башташы керек болот. Коом дагы андан жаңыча мамиле, ачыктык жана иш жүзүндөгү жыйынтык күтөт. Министрликке айланган тармакты кагаз жүзүндөгү эмес, реалдуу турмушта өзгөртүп берсе — бул анын аты тарыхта калчу иш болуп калмак. Анын учурдагы QR-код менен курулуштун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча идеясы, саясаты колдоого арзыйт. 

Ачыгын айтыш керек, Нурдан Орунтаев азыр коомдун көз алдында. Анын колунда реформа кылууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул мүмкүнчүлүккө жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана саясий эрк кошулбаса, курулуш тармагын жаңылоо мүмкүн эмес. Министр ар бир салынган дубал үчүн эмес, ошол дубал артындагы элдин ишеними үчүн жооп берет.

Последние новости