www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Бишкекте жаран ири өлчөмдөгү карыздан улам кол салууга кабылганы айтылып, соцтармакка видео тараган болчу.
Жабыркаган жаран бычактан жаракат алып ооруканага жаткырылганы айтылган.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ аталган окуя тууралуу маалымат таратып, милицияга М.А аттуу жаран арыз менен кайрылып, «С» жана «Д» аттуу эки адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 6-октябрда алар Бишкектеги аллеяда аны сабап, бычактап кетишкен.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган С.С. жана 1974-жылы туулган Г.Д. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалган. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына.
Учурда тергөө иштери уланууда.