www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Кустанай көчөсү 159/1 дарегинде жайгашкан “МИК” тарабынан курулуп жаткан турак жай комплексинин быйыл пайдаланууга берилүү даярдыгы менен таанышты. Ага жеринде курулуш иштеринин учурдагы абалы жана объекттин даярдык деңгээли тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш башкаруучу курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, бардык курулуш нормалары менен талаптарын так сактоо жана иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал ошондой эле турак жай комплекси өнүккөн инфраструктурасы, эс алуу аймактары жана жашылдандырылган айлана-чөйрөсү менен айырмаланып, келечектеги тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев подрядчы уюмдардын жетекчилерине курулушчулардын эмгек акысын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертип, жумушчулар алдындагы социалдык милдеттенмелер толук жана кечиктирүүсүз аткарылышы керектигин айтты.
Долбоордун алкагында 6 кабаттуу 44 блок курулуп, жалпысынан 1320 батир пайдаланууга берилет. Комплекстин аймагында 550 орундуу мектеп, 140 орундуу бала бакча, спорт аянтчалары, балдар ойноочу жайлар, жашыл эс алуу зоналары жана 1000ден ашык унаага ылайыкталган токтотуучу жай каралган.