www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 4-апрелден бери дайынсыз жоголгуп издөөгө алынып жаткан Санжар Нурлановдун 10-апрелде сөөгү табылганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, жашы жете элек өспүрүмдүн сөөгү алдын ала текшерүүгө алынып, көзгө көрүнгөн жаракаттар табылган эмес.

Бул факт каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Өспүрүм 4-апрелде дайынсыз жоголгон. Ал болжол менен саат алтыда Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде апасы милицияга кайрылган.

Бул факт боюнча дароо борбордук милициянын бардык кызматкерлери кабардар кылынып, тиешелүү бөлүмдөргө издөө жарыяланган.

Последние новости