www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мамлекеттик лабораториялардын бирдиктүү системасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 2026-жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов алдыңкы жеке лабораториялардын биринин инфраструктурасы менен таанышып, анда диагностикалык процесстин уюштурулушун, логистиканы, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин жана санариптик чечимдерди изилдеди. Министр белгилегендей, учурдагы мамлекеттик лабораториялык кызмат заманбап талаптарга жооп бербейт, бул калк үчүн өз убагында жана так изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чектеп келет. Айрыкча онкологиялык жана башка ооруларды эрте аныктоо зарыл болгон учурларда бул маселе курч турат.

Министрдин айтымында, саламаттык сактоо тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — оор илдеттердин, анын ичинде залалдуу шишиктердин кеч аныкталышы. Көпчүлүк бейтаптар дарыгерлерге оорунун 3–4-стадиясында гана кайрылышат. Бул, анын айтымында, эффективдүү лабораториялык диагностика системасынын жоктугу менен түздөн-түз байланыштуу.


