www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл саламаттык сактоо системасын институционалдык жактан бекемдөөгө, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө, ошондой эле улуттук саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга бурулду.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды БУУ системасы аркылуу сатып алуу механизмдерин өнүктүрүү болду.

Последние новости