www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн командабыз менен Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында тарыхый окуяга күбө болдук. Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргызстанда эң алгачкы родельбандын курулушуна старт берилди, - деди КР Президентинин иш башкармалыгын башчысы Каныбек Туманбаев.
Бул уникалдуу долбоор дүйнөгө белгилүү “Wiegand” компаниясы менен ишке ашууда. Анын директору Юрген Хельмут Рушке Германиядан атайын келип, капсула салуу аземине катышты.
Ал биздин жаратылышка терең таасирленип: «Биз абдан кубанычтабыз жана сыймыктанабыз. Дал биздин компания Кыргызстанда мындай долбоорду ишке ашырып жаткандыгы – өзгөчө окуя», – деп белгиледи.
Родельбандын узундугу 1200 метр болуп, 36 чана коюлат жана саатына 500 конокту кабыл ала алат.
Быйыл биз өлкө тарыхында биринчи жолу асма жолунун курулушун баштадык. Аны дүйнөгө белгилүү “Doppelmayr” компаниясы ишке ашырууда жана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул – туризмди өнүктүрүүдө чоң кадам. Бүгүн башталган Родельбандын курулушу ушул багыттагы маанилүү долбоорлордун бири.
Кыргызстанга дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган бул долбоорлор өлкөбүздүн туризм тармагын жаңы деңгээлге көтөрөт деп ишенем, деп кошумчалаган Каныбек Туманбаев.