www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2025-жылдын 10-октябрь күнү Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү боюнча даярдыктын алкагында маанилүү жыйын болуп өттү.

Жыйынга Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Руслан Айтбаев жана мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышышты.

Жыйында төмөнкү маселелер баса белгиленди:

Шайлоону уюшкандыкта өткөрүү, шайлоо участокторун тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо. Добуш сатып алууну токтотуу жана ага каршы күрөшүү чаралары;

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине катышуусуна жол бербөө;

Шайлоо процесси таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшүн камсыз кылуу;

Шайлоо өнөктүгү учурунда бардык тараптар мыйзамды сактоого милдеттүү экени баса белгиленип, ар кандай мыйзам бузууларга тез жана катаал чаралар көрүлөрү эскертилип, протоколдук тапшырмалар берилди.

Последние новости