www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран 10-декабрда болжол менен саат 01:20 чамасында Кант шаарынын Ленин көчөсүндө мас абалындагы киши ага атайылап жана себепсиз дене жаракатын келтиргенин билдирген.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө ишинин жүрүшүндө милиция мурда 1992-жылы соттолгон жана Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 32 жаштагы О.Х.ны кармады. Ал Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Мындан тышкары, кармалган адамга карата КР Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 96-беренеси боюнча иш козголду.
Тергөө иштери уланууда. Милиция кармалган адамдын райондо жана облуста жасалган башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун иликтеп жатат.
Укук коргоо органдары бул адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандардан Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө же 0312 616907 же 0700 616907 номерлери боюнча нөөмөт бөлүмүнө кабарлоону суранышууда.