www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин эң ишенимдүү үзөңгүлөшү катары УКМКны жетектеп, өлкөдөгү бирден-бир таасирдүү фигура болуп келген Камчыбек Ташиевден оомат кетип, өтүгү менен суу кечкен сыноону башынан кечирип жаткан учуру.
Ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт дегендей, президенттин ишенимин ашыкча пайдаланып, “зам” эмес, “сам” болгусу келди. Амбициясын ооздуктай албай калды. Такка көз артты. Натыйжада, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү идеясы аркылуу досун бийликтен оодармак болгон ниети ишке ашпай, өзү казган орго өзү түштү.
Минтип бир нече тарапташтарына кылмыш иши козголуп, асты камалып, арты сурак берип жатат. Өзүнө Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу, ошондой эле конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө багытталган аракеттер" боюнча айып тагылды. Ошондой эле, ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча күнөөлөнүүдө.
Өзгөчө “бийликти күч менен басып алуу” сыяктуу мамлекеттүүлүккө түздөн-түз коркунуч жараткан берененин болушу, кылмыш иши жөнөкөй эмес экенин айгинелеп турат. Бирок коомду таң калтырган жагдай, айыптын оордугу менен тандалган бөгөт чарасынын шайкеш келбей жатканы. Анткени Ташиевге карата камак эмес, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат колдонулду. Ушул эле беренелер менен буга чейин айыпталган көптөгөн жарандар тергөө аяктаганча камакта отурат. Бул жерде мыйзам тандалма болуп жатат деп коом нааразы.
Окуянын дагы бир маанилүү жагы, бул иште жалгыз эле Ташиев эмес. Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун дагы сурак берип, кыңыр ишке ортоктош болуп жатышканын өзү эле бүтүндөй саясий чөйрөнүн кутуму экени ачык көрүнүп турат.
Арийне, Ташиевдин “мен тазамын соттон акталып чыгам” деген өңүттөгү билдирүүсү анчейин суу кечпейт. Бул туюка камалып аргасы түгөнүп турган “жырткычтын” азуу көрсөткөн айбаты катары карасак жарашат. Себеби, убагында далайлардын “сыздаткан” өкүм зордугу айланып келип өз башына муш болуп жатат. Кыргыз “зордун түбү кор, кордун түбү зор” деп бекер айткан эмес.
Эгерде тергөө чындап аягына чыгып, айыптар далилденсе, анда мыйзам үстөмдүгү жөнүндө сөз кылууга негиз бар. Бирок эгер иш создугуп, акырында жымсалданып кетсе, анда бул коомдогу ишеним кризисин дагы тереңдетет.
Эң кооптуу жагдай, “кош стандарт” түшүнүгүнүн бекемделип калат. Себеп дегенде, акыркы жылдары жөнөкөй жарандар, активисттер жана журналисттер дал ушундай беренелер менен жоопко тартылып, көп учурда камакта кармалып келген. Ал эми жогорку кызматтарды ээлеген адамдарга келгенде жумшак мамиленин болушу адилеттүүлүккө көлөкө түшүрөт.
Мыйзамдын күчү – анын тандалма эмес иштешинде. Эгер ал бирөөгө катуу, бирөөгө жумшак болсо, анда мыйзам эмес, инструмент болуп калат. Бүгүнкү кырдаал Кыргызстан үчүн жөнөкөй сыноо эмес, мамлекеттин укуктук багытын аныктай турган учур. Анткени мыйзам чындап эле баарына бирдей иштесе, ишеним пайда болот. Эгер тескерисинче болсо, нааразычылык күчөйт. Ал эми ишеним менен нааразычылыктын ортосунда мамлекеттин келечеги турат.