www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев акыркы берген кенен маегинде коррупция боюнча мыйзамдардын күчөтүлүүсү, коррупционерлердин темир тор артында жаза мөөнөттөрүн өтөй баштоосу өзүнүн оң таасирин бере турганын айтты. 

Ачыгын айтканда, 2024-жылдын аягына чейинки коррупционерлерге карата гумандуулук принцибин жеке өзүм да колдогон элем. "Түрмөлөрдү адамдарга толтурганда эмне, адам өлтүрүү кылмышы эмес, уурдаган акчаларын кайтарып берсе, эркиндикке чыгарып койсо болот. Кылмыш иши козголуп, СИЗОлордо отуруп чыккандан соң эстерине келишет, экинчи коррупциялык иштерге барбай калышат" деп ойлогом. Бирок биз күткөндөй, ойлогондой болгон жок. Тескерисинче, мындай мамиле потенциалдуу коррупционерлерде коркпостукту, тобокелге баруучулукту жаратып, "коррупция кыла берейин, кармалсам бир бөлүгүн кайтарып кутулуп кетем, калганы өзүмдө калат да" деген ишенимди жаратты. Бул айлампа сыяктуу абалды жаратып, коррупцияны алдын алып, анын тамырын кыркууга эч кандай жардам бере албай калды. Кайра коррупциялык көрүнүштөрдүн күчөшүнө түрткү бере баштады. Жагдай кардиналдуу, катаал чараларга барууну талап кылып, тиешелүү мыйзамдарга, Кылмыш жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, 2025-жылдын башынан бери бул өзгөртүүлөр иштеп жатат. Токмоктун мурдагы мэри жаңы мыйзам, кодекстин жаңы редакциясынын негизинде 13 жылга соттолуп, үй-мүлкү конфискацияланы. Албетте, бул акыркысы эмес, алдыда дагы коррупция менен айыпталып жаткандардын эркиндиктен ажыратылууларын күтсөк болот...

Ошол эле мезгилде мыйзамдардын катаалдашуусу, Токмоктун экс-мэринин тагдыры башкаларга сабак болуп, эстерине келтирип, көздөрүн умачтай ачуулары керек. Эч ким узак жылдарга түрмөдөн жай алып, мүлктөрү мамлекетке өткөрүлүп, туугандарынын жумушсуз калууларын каалабайт. Майда барат паракорчулук уланса да, ири суммаларды кымырып, уурдоо көрүнүштөрү токтошу керек. Антпесе, коррупцияны токтотуу, аны ооздуктоо жөнүндө сөз кылуунун мааниси калбайт эмеспи...

Бул УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы аёосуз күрөшүнүн натыйжаларынын бири. Ал жазалоону мыйзам чегинде күчөтүүнү демилгелеп, өзүнүн жакындарынын да жоопкерчиликтерин кароо менен коррупцияны ооздуктоо башкы максаты, милдети экенин көрсөтүүдө. Башында ал коррупцияга каршы күрөштү баштаганда, көптөр скептикалык маанайда карашкан. Бүгүн скептиктер калбады десек болот. Демек, генерал бул максатын, миссиясын аягына чыгарарын бөркүбүздөй көрөлү.

Мирлан Дүйшенбаев 

Последние новости