www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Кыргызстанда орчундуу окуялардын катарын Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келбей калышы талкууга түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын вице-спикери Бөдөш Мамырова учурдагы кырдаал тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине маек берди.
--Бөдөш Аманбековна, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе, 3-күчтөр пайдаланып кетет беле?
--Албетте Ө.Бабановдун келишин пайдалануучулар саясатка айландырып ыңгайлуу жагына бура салып мүдөөлөрүн ишке ашыра турган ачык дагы жабык дагы күчтөр бар экени белгилүү болуп калды. Бабановду чакырган көшөгө артындагы бери карап ыйлап, ары карап жылмайып “ичтен иритебиз” деген бүгүнкү бийликтин жүргүзгөн саясатына ичи күйгөн регионалдык деңгээлден өйдө көтөрүлө албаган бир топ саясатчылардын көптөн берки долбоорун Бабанов ойрон кылды окшойт.
--Бабановдун ушул кадамынан кандай сапатты байкасак болот?
--Албетте Бабанов бизнестин битин сыккан байлардын катарын толуктаган белгилүү бизнесмен жигит бирок саясатта чабал экен. Өмүрүн саясаттын күнгөй-тескейин жойлоп кези келсе кайраштырып, кези келгенде жараштырып, өз кызыкчылыгы үчүн саясатты садага чаап жашоосунун маңызына айланткан кээ бир көшөгө артындагылардын айдактоосуна айланып баратканынын кечирээк түшүндү окшойт.
--Белгилүү эле саясатчы Бабановго аянтка митинг кылып, ырчы-чорчусун чакырып шоу кылгандын кереги бар беле?
--Бабанов ушуд дүрбөлөң “пиардан” канчалык деңгээлде пайда таап имидж топтоду өзү да түшүнбөй калды. Кечээги Бабановдун келишин чыдамсыздык менен күтүп өзгөчө өпкө-жүрөгү үзүлгөндөр бүгүн «Бабанов бүттүү коркок, эрки жок» ал тургай «саясий банкрот» дей баштады. Мына Бабановдун акыл-ээси болсо элине, шайлоочуларга эмес, бир ууч кызыкчылыктар үчүн керек экен. Ушундан эле ар бирибиз жыйынтык чыгарсак болчудай. Биздин коомдо ызы-чуудан бирөөнүн атынан өзүнө бакыт издегендер дагы деле бар экенин жөн жерден азгырыкка кабылып анан “аттиң” деп өкүнүп калбагандай.
--Кантсе дагы саясатчы айымдардын алдыңкы тизмесинде турасыз, Бабановдун Кыргызстанга келишине үй-бүлөөсү кандай көз карашта экенин уккан жоксузбу?
--Мага жеткен маалыматка караганда жакындары, Бабановдун үй-бүлөөсү абдан кабатырланып, мындай чуулгандуу жол менен келүү кооптуу экенин ошол эле учурда консультанттардан да этият болуусун учуру келгенде алар алакан жайып тим болоорун эскертип чырылдап жатканын уктум. Айтор, Бабанов жакындарын уктубу же өзү бүтүм чыгардыбы аттанган жолунан артка кайтты.
--Бул кадам Бабанов үчүн кандай кадам болду?
--Бул кадам Бабанов үчүн жакшы болгон жок. Мынчалык пиар менен кадамын баштабаш керек болчу, баштадыңбы баарына кайыл болуп канжыгага башты байлаш керек эле. Акылмандар айтып калтырган нарк насилге карасак ар бир ишти оолугуп эмес, ойлонуп жасап, кайратына жараша кадам таштоо керек болчу. Мынтип ооматыңды качырган эр жигитке жарашпайт. Баам салган адамга Бабановдон оомат качып турат? Бабановдун анчалык Кыргызстанга пиар кылып, жер-жерлерде митинг кылганы туура эмес жана пиары ашыкча болуп калды. Өлкөгө келе турган болсо унчукпай келе берсе болмок.
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg