www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча энергетика тармагынын адистеринин, илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Торгоев И.А., Эл аралык инженердик академиянын Алымкулов К.А., ири гидроэнергетикалык объекттерди курууга катышкан тажрыйбалуу энергетик-ардагерлер Чынгышев Т.Ч., Акунов Ч.Т., Алиев И.Э., ПИИ “Гидропроекттин” директору Жанчаров Ж.У., Швейцариянын “AFRY” компаниясынын долбоор жетекчиси Dainius Tirunas жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда кеңейтилген коомдук талкуу болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун негизги максаты — коомчулукка Камбар-Ата-1 ГЭСин  куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча так, илимий жана техникалык жактан негизделген маалымат берүү, ошондой эле ушул этапта жаралып жаткан суроолорду талкуулоо, анын ичинде кабыл алынган долбоордук техникалык чечимдердин негизги жагдайларын ачык кароо болду.

Талкуунун жүрүшүндө Швейцариянын «AFRY» консалтинг компаниясынын өкүлү компания тарабынан жаңыланган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) боюнча маалымат берди. Анда ГЭСтин алдын ала параметрлери, курулуш аймагынын геологиялык жана сейсмикалык өзгөчөлүктөрү, гидротехникалык курулмалар комплексинин коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү, суу сактагычтын көлөмү, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин эл аралык стандарттарга шайкештиги камтылды.

Талкуу учурунда адистер аймактын сейсмикалык жана геологиялык шарттарын, экологиялык факторлорду, курулуштун коопсуздугун жана объекттин узак мөөнөттүү энергетикалык натыйжалуулугун эске алуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар мындай ачык форматтагы талкуулар коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатууга жана гидроэнергетика тармагындагы ири инфраструктуралык-инвестициялык долбоорлорго болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн бир добуштан белгилешти.

Последние новости