www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2022-жылдын 18-июлунда, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда полковник Уланбек Аалиевдин иши менен байланышкан кезектеги соттук отурум болду. 

Бүгүнкү соттук отурумга Асыл Талипованын буга чейин бир нече процесске белгисиз себептерден улам келбеген адвокаты Самат Сыдыкбеков келди. 

Соттук процесске прокуратура берген тизме боюнча чакырылган 3 күбө көрсөтмө беришти. Келген күбөлөрдү кошуп эсептегенде полковник Уланбек Аалиевдин иши боюнча 20 (жыйырма) күбө көрсөтмө берди. Дагы 6 (алты) күбө көрсөтмө бериш керек. 

Күбөлөрдүн жалпы саны 26 (жыйырма алты).  Буга чейин "18 (он сегиз) күбө көрсөтмө берет" дешсе, азыр алардын саны 26га чейин өстү. 

Бүгүнкү күбөлөр Асыл Талипованы таанып, билишсе да, алардын бири да полковник Уланбек Аалиевди реалдуу турмушта көрүшкөн эмес. 

Күбөлөр көрсөтмө берген биринчи күндөн тарта эле аларга берилген суроолор төмөнкүдөй болду: 
- Асыл Талипованын эмоциялык абалы кандай эле?
- Асыл Талипованын маанайы кандай эле? 
- Асыл Талипова “подавленное состояниеде” эмес беле? 
- Асыл Талипова ыйлады беле? 

Жогорку квалификациялуу офицер, милициянын полковниги, жогорку билимдүү жана тажрыйбасы мол кадр болгон Уланбек Аалиевди айыптоо максатында жүрүп жаткан соттук процесске чакырылган күбөлөргө берилген суроолордон улам Асыл Талипова
- ондогон жарандардын ири өлчөмдөгү акчасын алдап алууга шектелген пенде эмес, 
- тескерисинче, улуттук улуу намысты символдогондуктан, аброюна чаң тийгизилбеген даражасы бийик “англиялык королева” сыяктуу эле болуп калды.

Биринчи күбө врач-кардиолог катары 2021-жылдын 30-сентябрь күнү адвокат Кеңеш Абиевдин атайы чакырыгы (вызов) боюнча "Тез жардам" машинасы менен Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБде камакка алынган Асыл Талипованы көрүп, анын кан басымын ченеп, жүрөгүнүн иштешин текшерүү максатында ЭКГ жасаган. 

Врачтын көрсөтмөсү:

"Асыл Талипованын кан басымы 115-80. Бул норма. Жүрөгүнүн абалы да жакшы”, деди. Нормага дал келген көрсөткүчтөрдү (показателдерди) көрөөр менен Асыл Талипова медициналык көрсөтмөнү караманча уланттырбай койду. Баса, тергөөчүлөрдүн сурак протоколундагы "гипотрический криз" деген диагнозду мен койгон эмесмин". 

Врачтан кийин көрсөтмө берген күбөнүн айткандары: 

"Соттук процесске мурда келип көрсөтмө берген күбө өзүн алдаган Асыл Талиповага байланыштуу Аскер Прокуратурасы тарабынан камакка алынган. Ошондо ал мага 1000 (миң) АКШ долларын каттырып койгон. Камактан чыккандан кийин ал ошол акчанын 600 (алты жүз) долларын Улан аттуу жактоочусуна бериш үчүн алды. 

Мен ушул көрсөтмөнү бергенде эле тергөөчү: 
- Улан дегениңиз Октябрь РИИБнин начальнигиби? - деди. 
- Жок, ал начальник эмес, адвокат, - десем,
- Протоколго ошол Уландын фамилиясын Аалиев деп жазып коем, - дегенде, мен тергөөчү менен үнүмдү өтө катуу чыгарып, кер-мур айтыша кеттим. 

Акыр аягында тергөөчү мага кагаздарына кол койдуруп алды. Мен ал кагаздарды окуган жокмун жана тергөөчү да мага ал кагаздарды окуп берген жок". 

Үчүнчү күбө деле полковник Уланбек Аалиевдин дарегине маңыздуу көө жапкан жок. Бирок, башка 20 (жыйырма) күбөдөн  айырмаланып, бул күбө
- Кыргыз Республикасынын Ички министрлигиндеги ГСУнун (главное следственное управление) начальниги Азамат Жумабаев жана
- адвокат Канат Хасановду тааный турганын айтып, бир катар жерде бултактап, сөзүндөрүнөн чалынып калып жатты. 

Кошумча маалымат:

Бүгүн, 18-иблда полковник Уланбек Аалиев ооруканадан чыгып, УКМКнын СИЗОсуна которулду. Бирок, бутунун шишиги тарабай, белинен очорулуп, өз алдынча тура да, отура да албайт. Конвой жигиттер аны чыканактан сүйөп, сот залынан алып чыкканда, көз жашымды тыя албай, ыйлап жибердим. 

Полковник Уланбек Аалиевге толук кандуу дарыланууга мүмкүндүк берилиш керек. Асыл Талипованын арам жол менен табылган акчаларынын күчү, албетте, керемет. Бирок, өзгөчөлөнүп өч алуунун арты жакшы болбойт, - деди жакындары. 

Эске сала кетсек, Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Уланбек Аалиев 2021-жылдын 21-октябрында Аскер Прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан:
1. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу,
2. Алты балалуу жалгыз бой энени азапка салуу (пытка),
3. Пара талап кылуу беренелери менен кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости