www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда социалдык тармактагылар ынтымактан кетип, өз ара пикир келишпөөчүлүктөр күчөдү. Тилекке каршы социалдык тармактан чыгып, элдин жашоосуна көз чаптырсак, көпчүлүктүн жаны алкымында тургандай жакасын кармап, амандык тилегендерге көз чаптырууга болот. Кайрадан эле окурмандардын назарын, социалдык тармактагы кайым айтышууларга буралы.

Сойиалдык тармакта алгач Жоомарт Карабаев аттуу жаран, "Жээнбековго кат" деп ыр саптарын арнаган.

Жээнбековго кат    

Кандайсың ажо вирусум?

Вирусту кимден жугуздуң?

Кыргыздын канын ичтиң го,

Автору болуп вирустун.

 

Жөн эле жүрсөң болбойбу,

Пахтаңды эгип талаага.

Парадга бара коём деп,

Калдың го кургур балээге.

 

Биз эмес орус билди го.

Вирустун башы экениң.

Ажолор сени бөлүштү,

Деги ушул сага жетеби?

 

Эл караган бетимди.

Жер караттың билдиңби?

ВВП койсо жактырбай,

Вируска шылтоо илдиңби?

 

Болсок да карапайымдан,

Сенчелик маңкурт эмеспиз.

Убакыт-сааты тургандыр,

Кетпейсиң бизден эсепсиз.

 

Сен келдиң, калдык жыргабай,

Аянтта желек үзүлдү.

Отуз жылда эң көк мээ,

Өкмөт сен барда түзүлдү.

 

Кадыровчо жоксуңбу,

Алып кетти бир чалды.

Сен келдиң, нечен кыргыздар

Үйүнө жетпей ач калды.

 

Таалада калган кыргызга,

Жибербедиң  учагың.

Оңбой бир калдың оңбогур,

Өзүңө тийсин  убалың.

 

Сапаттуу болмок эгерде,

Бут кийим тиксе бетиңден.

Кыргызга берген убадаң,

Чыккан экен эсиңден.

 

Камайм деп сүткор адамды,

Камадың элдин атасын.

Үч пайыз менен хан кылды,

Досум деп берип батасын.

 

Түкүрдүң жеген ашыңа,

Кайтып бир келет башыңа.

Пенсияга кетсеңчи,

Ылайык экен жашыңа.

 

Кет десең кетет ит деле,

Ичте дагы жоксуңбу?

Асынып эле өлсөңчү,

Саткандан көрө досуңду.

 

Жылаандай болуп койнуна,

Оролчу элең мойнуна.

Раянын берген тамагын,

Далай жеп курсак тойду да.

 

Сендейлер кайдан жаралат?

Кыргыздын бетин каралап.

Көк мээ бир ажо экен деп,

Дүйнөгө кептер таралат.

 

Чынылап абийир топтоду,

Бетке айткандан коркподу.

Гүлдөтүп жибербесе да,

Атам кыргызды бир топ оңдоду.

 

Атакем ажо кезинде,

Чек ара чатак болбоду.

Теңине сени албаган,

ВВП Атамды колдоду.

 

Кашыктап түзгөн абийирди,

Чачтың го челек, чакалап.

Эми оңолуп калганда,

Салдың сен баарын талкалап.

 

Атамдын көчүн улабай,

Адаштың жолдон жаңылып.

Ажолук шайлоо болоордо,

Жүргөн элең го жалынып.

 

Кыскасы кетчи, тажадык,

Калляң болсо ойлочу.

Эки ажону качырдык,

Үчүнчүсү сен болбочу...

Ага жооп катары Шамурза Бөрукулов, "Жээнбековго кат" деп жазылган ыплас ыр саптарын Жоомарт Карабаев деген ата эне тарбиясын көрбөгөн чыгарыптыр. Президентти мазактаган ушундай акмактарды тыя турган күч органдары бизде жок болсо, айла канча, Жоомарт Карабаевге колдон келишинче жооп кайтарып коеюн дедим", деп төмөнкү ыр саптарын арнаган. 

Адам болбой арам өл,

Акылыңды жебей өл.

Чоң атаңдай адамды,

Ажо "вирус" дебей өл.

 

Жоомарт деп сага ким койсо,

Жарашпаптыр атың да.

Тумчугуп эле калбапсың,

Туулбай жатып жатында.

 

Жиндиден чыккан жамансың,

Гени бузук адамсың.

Пахтачы дейсиң түштүктү,

Кыргызды бөлгөн арамсың.

 

Уялдым дейсиң калп эле,

Силерде уят бар беле?

Жугундукор аталып

Ит болдуңар жалпы элге.

 

Хан сарайды аңдыйм деп,

Жугундукор аталдың.

Адам болбой куруп кет,

Арамын жебей "атаңдын".

 

"Уят" дейсиң парадга,

Катышпай Ажо келгенин.

Айтып берем мен сага,

Уят эмне экенин.

 

Бир четтен санап баштайын,

Жоруктарын "атаңдын".

Эсиңе салып өтөйүн,

Түштүккө болгон сапарын.

 

Арак көрбөй калганбы?

Же, арак үчүн барганбы?

Аябай тоюп аракка,

Мас болгону жалганбы?

"Уулады мени түштүк" деп

Ышкыртып айтып жалганды.

Аябай уят иш болгон,

Шымына чычып салганы...

Түштүк эли көрбөгөн

Кылымдар жашап мындайды,

Жугундукор Жоомартым

Уят дейт, мына мындайды.

 

Өзүнчө жомок ыр болгон,

ООНго сапар алганы.

Бар экен десе Батыров,

Калтырак басып кайдагы,

Дагы бир ирет "атакең"

Шымын булгап алганы.

Америкага жетпестен,

Жолдо кармап талмасы.

Оорудум деп жалгандан,

Түрктөргө түшүп калганы.

Арактан ооруп анда да,

Ачылып калган жалганы!

Эсиңден чыгып кеттиби,

Окуялар андагы.

Келтирип тээп көчүккө,

Эрдоган кууп салганы!

Жугундукор Жоомартым,

Мактабагын сен аны.

"Атаңды" жакшы билебиз,

Мактагын таап башканы.

 

Айтчы сенде баш барбы?

Кызматта курбу, дос барбы?

Дос боло албайт Ажого,

Көкөлөтпө "атаңды"!

Аянтта желек үзүлбөйт,

Эптесең айт да жалганды.

Батыровго кошулуп,

Өрттөгөн кыргыз желегин,

Урдум мен сенин АШАңды!

 

Алып кетти Кадыров,

Өлөмсө чечен бир чалды.

Ташып келди Ажобуз,

Сырттагы кыргыз миң жанды.

 

Кытайдан карыз алышка,

Каттады күн алыста!

Көр болуп калгыр "атакең",

Кыргызды көмдү карызга!

 

Суу ага берсе сай болот,

Эл болгон жерде хан болот!

Сен окшогон шүмшүктөр,

Кысып жүрсө бай болот!-деп жазган ага жооп катары Шамурза Борукулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости