www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Воен-Антоновкадан 295-контурдан  №15 жер тилкесинен  үй салууга  жер  алып, алданып калган адамдардын катарындамын. Мындан 7 жыл мурун  кызыл китеби менен жер алганбыз. Ал документ  5 жылдан кийин юридикалык күчүн  жоготот  экен. Анткени, документтин сырты кызыл болгону менен ичинде “айыл-чарба иштерине багытталган” деген жазуусу бар экен. Биз ошол жерден алдандандык.  Ошону менен “гектарщиктерибиздин” сөзүн угуп,  ортодо калдык. 2 жылдан бери митингге чыгып, өкмөткө кайрылып ыйлап жүрөбүз.

-Учурда там салып алган белеңиздер?

- Жок, учурда там эмес фундамент да салалбай , жер тилкебизге кире албай калдык. Буга чейин 5-6 үй курулуп, ончакты  пайдубал куюлган.

- Жер тилкесин канчадан алгансыңар ?

- Эң арзаны 4,5 миң доллардан 6 миң долларга чейин алганбыз. Бул жердин айынан ага-ини катышпай, аял –күйөө ажырашып кетти. Себеби, турмушта  “жерди сен алгансың, сен минткенсиң”- деген сөз чыгат экен.

-Эми сиздердин талап трансформацияга киргизип бергиле деп жатасыздар да?

- 1-этап  менен 2009-жылга чейинки там салынган  жер тилкелери трансформацияга  кетти. Биз 2-этапка илиндик. Юстиция министрлигинен кол коюлду. Биздин бардык иштерибиз бүтүп келип, азыр өкмөттүн кароосунда турат. Ишти тездетсин деп талап коюп жатабыз. Баарыбыз батирлеп жүрөбүз. Жаз келди, эртелеп курулуш иштерин баштасак. Учурда биздин  документибиз 1-Вице-премьер-министр К.Бороновдун колунда турат.  Депутаттарга да кирдик. Парламентте депутаттардын көбү колдойбуз деп турат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости