www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында кечээ, 22-апрель күнү кечке маал кайра чыр чыкты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 20:50 чамасында шарттуу чек ара сызыгынын жанында Каравшин дарыясынын сугат системаларын тазалап жүргөн тажик жараны 8 жаштагы кыргыз баланы мыйзамсыз кармап кеткен. Аны Тажикстандын "Ворух" анклавына алып барып, өз өлкөсүнүн укук коргоо органдарына тапшырган. Жарым сааттан кийин тажик тарап К. уулу Ш.ны кыргыз тарапка өткөрүп берди. Тажик тараптын чек ара кызматкерлери билдиргендей, тажик жараны кармалган баланы ага таандык экскаватордун айнегин талкалап салды деп айыптаган.

Окуяны уккан кыргыз жарандары тажик тараптын кылганына нааразы болуп, Аксай айылынын ортосуна чогулуп башташкан. Баш-аягы элүү - алтымыштай киши топтолгон. Бирок, эки тараптын өкүлдөрүнүн курал колдонуусуна жеткен жок. Ошол эле күнү Баткен тилкеси жана Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрү кырдаалды жайгаштыруу үчүн жолугушуу өткөрүштү.

Учурда Исфара-Ворух автожолунда унаа кыймылы жанданды. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянсак, топтошкон элдер деле жок. Чек ара менен чектеш аймактарда жергиликтүү бийлик менен чек ара кызматынын өкүлдөрү жана тартип сакчылары калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мурда кыргыз-тажик чек арасында жер, суу талаштан чыр чыкчу. Бирок бала уурдайт деген үрөйдү учурган факты катталган эмес. Андыктан биздин тиешелүү органдар тажик кесиптештеринен бул баланы уурдаган адамды жоопко тартуу маселесин каттуу коюш керек. Ансыз мындай көрүнүш мындан ары да кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости