www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 20-апрелинде КР УКМК тарабынанКР аймагына эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин кирүүсүнө бөгөт коюуу боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы ЭТУ согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-ж.т. КР жараны “А.у.А.” кармалды.  

Такталгын боюнча, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террористтик топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышып келгени аныкталды.

2018-жылдын ноябрь айларында аталган А.у.А. ЭТУ башчыларынын  тапшырмасын алып, колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менентеррордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп, жашыруун ячейка түзүү жана Сириядан согушкерлердин келүүсүн күтүп Борбордук Азия өлкөлөрүнөн “куралдуу жихад”  жүргүзүү максатында Сирия аймагынан келген. 

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын УКМК Башкы тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Кармалган адам КР УКМК тергөө-камак жайына киргизилди.

Мындан аркы тиешелүү комплекстүү ыкчам-тергөө жана издөө иштери жүрүп жатат.

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

Последние новости