www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалында коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик иш канасынын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары «М.Ф.М.» жана «К.В.В.», жеке материалдык пайда көрүү максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоодо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруп, кардарларды белгиленген электрондук кезектен тышкары тейлөө боюнча системалуу негизде иш алып барышкан. Көрсөтүлгөн кызматы үчүн 2000 сомдон 10000 сомго чейинки өлчөмдө акчалай сыйлыктарды алышкан.
Топтолгон маалыматтардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 3-сентябрында аталган мамлекеттик каттоочулар кармалып, КР КЖПК 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК тарабынан бул иш боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.