www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжайда жайлоого баратып мотоциклден кулаган өспүрүм боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү Кадамжай РИИБине өспүрүмдүн өлүмү боюнча билдирүү түшүп, окуя болгон жерге дароо милициянын ыкчам-тергөө тобу чыккан.
Аныкталгандай, 16 жаштагы А.А. Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы баратып, жаңы сатып алынган спорттук "Эндура" мотоциклинин башкаруусун жоготуп жыгылып кеткен. Ал Чаувай жайлоосунда алган оор жаракатынан улам, тез жардам унаасында ооруканага жетпей жолдо каза болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Учурда Кадамжай РИИБ тарабынан алгачкы текшерүү иштери улантылууда.