www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Ирандагы аскердик операцияларда ракеталарды рекорддук көлөмдө колдонгондон кийин вольфрам тартыштыгына туш болду. Бул тууралуу NBC News жазды.
Маалыматка ылайык, вольфрам истребителдерди, бомбаларды, снаряддарды жана ракета системаларын өндүрүүдө негизги металлдардын бири болуп саналат. Бирок АКШда 2015-жылдан бери вольфрам кендери иштебей калган. Ошондуктан Дональд Трамп администрациясы Кытайдан болгон көз карандылыкты азайтуу максатын койгон.
Азыркы учурда дүйнөдөгү ири вольфрам кендеринин көбү Кытайдын көзөмөлүндө. Мындан тышкары металл Түштүк Кореянын чыгышындагы Сангдонг кенинде да өндүрүлөт. Америкалык компанияга таандык бул кен Кытай менен атаандаштыкка туруштук бере албай, 30 жылдан ашык убакыт жабык турган соң быйыл мартта кайра ишке кирген.
Эксперттердин айтымында, вольфрамды башка металл менен толук алмаштыруу мүмкүн эмес. АКШ менен Израильдин Иранга каршы аракеттери бул тартыштыкты дагы күчөттү.
Марк Кансиан апрель айындагы баяндамасында АКШнын ок-дары запастарын согушка чейинки деңгээлге кайтаруу төрт жылга чейин созулушу мүмкүн экенин белгилеген. Анын айтымында, бул айрыкча Кытай менен мүмкүн болгон чыңалуу шартында чоң мааниге ээ.
Вольфрам тартыштыгы АКШга гана эмес, анын союздаштары болгон Япония, Түштүк Корея жана Тайваньга да таасир этүүдө.