www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Кадамжай районунда мал-жандыктарды пландуу жазгы эмдөөдөн өткөрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, жер-жерлерде ветеринардык адистер эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана малдын саламаттыгын коргоо боюнча иштерди улантып жатышат.

Райондо учурда 38 жеке ветеринардык дарыгер райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кызмат көрсөтүүдө.

Жайлоого көчүү мезгилинин башталышына байланыштуу малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүү жана ветеринардык препараттар менен камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Учурда Кадамжай районундагы эпизоотиялык абал туруктуу бойдон калууда.

Ветеринардык кызмат тарабынан жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар, мониторинг жана калк арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Последние новости