www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөнү башкарууда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командирлери толук үстөмдүк кылып калганына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылууда. Бул тууралуу «Iran International» басылмасы кабарлаган.
Маалыматка ылайык, Пезешкиан өлкөнүн жогорку лидери Можтаба Хаменейдин кеңсесине расмий кат жөнөтүп, өзүн кызматтан бошотууну суранган.
Иранда адаттан тыш окуялар болуп жатканы, атүгүл аскердик төңкөрүш болушу мүмкүн экени тууралуу божомолдор айтылууда.
Президент Пезешкиан кызматтан кетүү тууралуу арызында бийлик толугу менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командирлеринин колуна өткөнүн белгилеген.
Жекшемби күнү жөнөтүлгөн катында Пезешкиан президент жана өкмөт өлкөдөгү маанилүү чечимдерди кабыл алуу процесстеринен дээрлик четтетилип калганын баса белгилеген. Анын айтымында, ушул жагдайдан улам пайда болгон боштуктан пайдаланып, КСИРдин ичиндеги радикалдуу топтор өлкөдөгү кырдаалды өз көзөмөлүнө алышкан.