www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «Ак-Марал» эс алуу борборунун жаңы корпусунун курулушунун башталышына арналган мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага бажы кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык органдарынын жетекчилери, ошондой эле «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын өкүлдөрү катышты.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3900 чарчы метрден ашкан беш кабаттуу жаңы корпус заманбап эс алуу жана ден соолукту чыңдоо шарттары менен камсыздалат.

Комплекстин аймагында термалдык бассейндерди куруу дагы каралган.
Белгиленгендей, курулуш республикалык бюджеттен каражат тартпастан, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын өз каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Мындан тышкары, көчмө кеңешменин жүрүшүндө Электрондук декларациялоо борборун ишке киргизүүгө даярдык маселелери талкууланып, «Смарт Бажы» маалыматтык системасындагы декларациялоо блогун иштеп чыгуу боюнча иштер каралды.

Жыйынтыгында бажы кызматынын жетекчилиги инфраструктуралык долбоорлорду жана санариптик демилгелерди мындан ары да ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Последние новости