www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу иштердин алкагында электрондук мониторинг механизми алгачкы жолу колдонула баштады. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын январь айында коргоо ордерлери биринчи жолу электрондук билериктерди жана мобилдик көзөмөлдү колдонуу менен күчөтүлгөн форматта ишке ашырыла баштады. Бул механизм GPS аркылуу көзөмөлдөөнү жана Face ID аркылуу инсанды милдеттүү түрдө дайыма идентификациялоону камтыйт.

Пилоттук режимде Октябрь районунда коргоо ордери берилген алгачкы 15 жаран электрондук мониторингге алынды. Бул чараны колдонуу мөөнөтү 20 күндөн 3 айга чейинки убакытты түзөт.

"Өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен келерки жумадан баштап электрондук мониторинг баштапкы убактылуу коргоо ордерлеринде да колдонула баштайт. Келечекте бул тажрыйбаны Бишкектин башка райондоруна, андан соң Кыргызстандын бүткүл аймагына жайылтуу пландаштырылууда", — деп жазды министр.

Министр белгилегендей, бул механизм Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Жогорку сот, ошондой эле Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти менен биргеликте ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, электрондук мониторинг механизмин киргизүү аркылуу коргоо ордерлерин күчөтүү жөнүндө мыйзам бюрократиядан арылуунун алкагында иштелип чыгып, президент тарабынан 2025-жылдын октябрь айында кол коюлган.

Последние новости