www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 21-январында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, аксакалдар, аялдар кеңештеринин төрагалары, коомдук активисттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аталган Жарлыкта белгиленген иш-аракеттер, кыргыз элинин баалулуктары, ашыкча көнүмүш адат болуп бараткан салт-санаалар жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрү, дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы, диний багытта аша чапкан учурлар талкууланды.

Катышуучулар күн тартибиндеги маселе боюнча баяндамаларды жасашып, видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Соңунда катышуучулар тарабынан Президенттин Жарлыктарынын талаптарын аткаруу, коомдун коопсуздугу үчүн кызматташууну жакшыртуу, аталган маселе боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алышты.

 

Последние новости